Орусиядан чыгып кетүүнү каалагандар көп болууда

749

«Орусияда мобилизация жарыялангандан кийин Казакстандын чек арасында чоң кезек пайда болду» деп билдирет Hola news.

«Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Орусиядан Казакстанга кирүү түйүндөрүндөгү тыгындарды чагылдырган кадрларды бөлүшүп жатышат. Көпчүлүгү авиабилеттерге жана чек арага болгон ызы-чууларды мобилизация менен байланыштырышат», — деп жазат гезит.

Ошондой эле Орусиядан башка өлкөлөргө жакынкы күндөргө билеттердин дээрлик бардыгы бир нече саатта сатылып алынганы белгиленди. «Уральская неделя» басылмасынын маалыматына караганда, бул видео Батыш Казакстан облусундагы Маштаково-Сырым чек ара бекетинде түн ичинде тартылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь