Соода борборунун жанында эркек киши аялды сабап салды (Видео)

1 581

Социалдык тармактарда эркек кишинин аялды сабап жаткандагы видеосу тарады. Окуя боюнча милиция маалымат берди.

21-сентябрда саат 17:30 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Фучик көчөсүндөгү соода борбордо аялды сабап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ленин РИИБ окуя катталганын, териштирүү башталганын билдиришти.

Териштирүү иштеринде саат 16:30 чамасында соода борбордун жанында кишинин аял киши менен кайым айтышып кеткендиги, кесепетинен аялды сөгүп, сабап салганы аныкталган. Факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү караты 1972-жылы туулган киши кармалып, камакка алынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь