Фактчек: Баткенге кол салган адам мурдагы оппозициянын талаа командири

2 873

Социалдык тармактарда Баткенге куралдуу кол салган тажик тараптын арасында белгилүү дин ишмери Хожи Мирзо Ибронов жүргөнү тууралуу видео тарады. Тасмада көк көйнөкчөн, башына допу кийген сакалчан киши колуна гранатомет көтөрүп турганын көрүүгө болот. 

Видео «Хожи мырза биздин жолборсубуз. Сизге узун өмүр берсин. Аллаху-акбар» деген сөздөр менен коштолгон. 

Баткендин кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдарында жашаган жергиликтүү тургундар буга чейин «Т-медиага» берген маегинде видеодо сүйлөп жаткандар жергиликтүү тажиктер эмес экенин, алар Кулябдан келиши мүмкүн экенин билдиришкен.

 

Видеодон алынган скриншотту «Инстаграм» социалдык тармагындагы 500 миңдей катталуучусу бар taj__khabar аккаунту да жарыялаган. Бирок билдирүү жалган экени маалымдалган. Катталуучулары да бул Ибронов эмес деген пикирди айтышкан.

«Т-Медиа» редакциясы бул маалыматтын чын-бышыгын текшерген. 

Видео кайсы жерде тартылган?

16-сентябрда Телеграмдагы тажиктердин Хочаи-Аъло-Новости каналы видео жүктөгөн. Анда тасмага түшкөн жер менен Хожи Мирзо жүргөн делген аймактын айрым окшоштуктарын байкоого болот. 

видеодон алынган скриншоттор

Видео Баткен облусунун Достук айылынын аймагында тартылган. Ага далил катары тасмадагы жер менен картадагы жерди салыштырдык.

Мурдагы талаа командири

Издөө системаларынын жардамы менен видеодогу курал кармап жүргөн киши Бириккен тажик оппозициясынын мурдагы талаа командири, Тажикстандын Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Мирзохужа Ахмадов экени белгилүү болду. 

Социалдык тармакта диний ишмер Хожи Мирзо Ибронов деп тарап жаткан кишинин сүрөтү бир караганда Мирзохуджа Ахмадовго түспөлдөш экенин көрсө болот. Баш кийими, сакалы, турпаты окшошуп кетет.

Жыйынтык: Баткенге кол салган адам мурдагы оппозициянын талаа командири Мирзохуджа Ахмадов.

Булак: Т-медиа

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь