
Экс-депутат Ирина Карамушкина укук коргоочу Азиза Абдырасулованын постунун алдына комментарий калтырып, анда бардык кыргыз тилдүүлөрдү блокко салаарын билдирди.«Менин баракчамда орусча гана жазылышы керек. Же бири бирибизди түшүнбөгөндөн кийин силерди блоктойм», — деп жазды экс-депутат.Анын бул билдирүүсүнө Азиза Абдырасулова мындай жооп кайтарды: «Кечирип коюңуз, менин баракчамда кыргызчага тыюу салынган эмес. Эгер сиз, урматтуу Ирина Юрьевна, кыргыз тилин үйрөнө албаган болсоңуз, гуугл переводчик бар. Ал сизге бекер кызмат кылып берет».