“Ысык тамак таратып”. Казактар орустарды кантип тосуп алышууда? (Видео)

1 354

Оралдыктар шаарга келген орустарды кучак жайып тосуп алышты. Алар конокторду бекер жатакана жана тамак-аш менен камсыз кылышууда. Ал эми жергиликтүү кинотеатр мобилизациядан качып келген коңшу өлкөнүн жарандарына чоң залда түнөгөнгө уруксат берди, деп жазат KAZ.NUR.KZ. басылмасы.

Казакстандыктардын жардам берип жаткан видеосу Ксения Собчактын “Кровавая Барыня” Telegram каналында жарыяланды. Анда Казакстандыктардын «качкындарга» кандай меймандостук көрсөткөнү көрсөтүлгөн. Тургундар акысыз ысык тамак-аш берип, станциядан чыга турган жерде да бекер суу таратылган.

Ошондой эле тургундардын айрымдары сим-карта беришсе, кээ бирлери үйүндө түнөгөнгө уруксат беришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь