Алтынбек Сулайманов кармалган жок, – УКМК

497

Саясатчы Алтынбек Сулайманов кармалганы тууралуу маалыматтарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жокко чыгарды. Ал бир күндөн бери УКМКда суракта экени тууралуу маалыматтар тарап жаткан.

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан өзү жазган арыздын негизинде бошотулган. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 28-сентябрда кол койду.

Сулайманов 27-сентябрда отставкага кеткенин жар салган. Ал бул кызматка 2022-жылы февраль айында дайындалган болчу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь