Бүгүн 1- Октябрь Карылардын эл аралык күнү

529

1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

Карылар күнүн белгилөөнүн максаты – дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү жана демографиялык өсүү тууралуу маалымат берүү.

Кыргыз жеринде да бул күн кызуу белгиленип, жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү улгайган адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, жылуу сөздөрүн арнап, ден-соолук тилешет. 2018-жылдын 10 айында Кыргыз жеринде мыйзам боюнча эркектер – 63, аялдар – 58 жашынан кары болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө өлкөдө 478,7 миң кары адамдар, жарандардын санынын 7,6 пайызын түзөт. Ал эми Социалдык фонддо каттоодо 633,9 миң пенсионер туруп, пенсиянын орточо өлчөмү 5550 сом. Бүгүнкү күндө  пенсия алууга укугу жок 1576 кары жаран социалдык коргоого алынып, айына социалдык жөлөк пул алып келет.Социалдык өнүктүрүү министрлигинде 17 стационардык мекеме иштеп, анда 2382 жаранга кызмат көрсөтүлүп келет. Алардын 405и кары жарандар. Ал эми 920 социалдык кызматкерлер тарабынан 7577 жалгыз жашаган карыларга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бекер социалдык кызматтар көрсөтүлүп турат.

Социалдык фонддун эсебинде, пенсиялык системага жалпы түшкөн социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 95% ишканалар, 0,5% дыйкандар төгөт. Ошол эле кезде дыйкандарга пенсиялык фонддун 40% берилет. Андыктан, жер үлүшүнөн алынуучу социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасын көбөйтүү каралууда. Бул алардын ала турган пенсиясынын көлөмүнүн көбөйүшүнө да таасир этет.

714 миң пенсионердин 15% жакынын пенсияга жеңилдиктер менен мөөнөтүнөн 5-10 жыл эрте чыккандар түзөт. Жеңилдиктер бийик тоолуу шартта жашап, иштегендер, көп балалуу энелер, майыптыгы бар балдардын энелери, зыяндуу өндүрүштө иштегендер өңдүү 10 категориядан турат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь