“Кредитке алдым”. Жигит мурунку сүйлөшкөн кызына берген “Айфонду” кайтарып бер деп сотко кайрылды

9 521

Астана шаарынын тургуну сүйлөшкөн кызына тартуулаган белектерин кайтарып алуу үчүн сотко арыз жазган. Бул тууралуу Астана шаардык сотуна шилтеме берүү менен KAZ.NUR.KZ билдирди.

Арыз ээси А. карызды өндүрүү үчүн жоопкер С.га талап коюп, сотко жүгүндү. Бирок сот талапты канааттандыруудан баш тартты. Кийинчерээк апелляциялык арыз менен кайрылып, кайра арызданган. Астана шаардык сотунун версиясы боюнча, жигит мурунку сүйлөшкөн кызына “iPhone 12 Pro MAX” үлгүсүндөгү уюлдук телефонду, ошондой эле “Apple Watch Series 6” акылдуу саатын белекке берген.

Бирок жигит баалуу белектерди насыяга алган. Кредиттик келишимдин же башка келишимдин элементтерин, ошондой эле доогер талап кылган акчаны кайтарып берүү милдеттенмесин камтыган далилдер сотко берилген эмес.

Жоопкер насыяны өзү алып, өз ыктыяры менен кол коюп, аны жоопкерге берген. Ал эми жоопкер тартууланган мүлктү өз каалоосу боюна ээлик кылган деп айтылат маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь