Орусияда убактылуу жүргөн Кыргызстандыктар аскерге чакырылып атабы?

1 431

Россиянын аймагында убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстандын Россиядагы элчилиги социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде РФнын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу, анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу элчилик кыргызстандыктардан такталбаган маалыматтарды жетекчиликке албоосун жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоосун өтүнөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь