Орусияда чырактай болгон кыргыз жаш балдар согушка жөнөп жатышат (Видео)

8 738

Азыркы тапта Орусия Украина менен согушуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында орус аскерлери коңшу өлкөгө бастырып кирген. Ошол эле кезде, орус бийлиги бул согушту Украинаны «демилитаризациялоо» жана «денацификациялоо» максатын көздөгөн «атайын операция» деп атап келет.

Орусиянын дээрлик бардык облустарында улутуна карабастан 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектердин Орусия -Украина согушуна аттанып жатышканын Lenta.ru жазып чыкты. Фейсбук колдонуучулары таратып жаткан видеодо көргөндөй, улуту кыргыз жаш баланы фронтко узатып жатып апасы жана жакындары бекем кысып кучактап ыйлап жатат.

Биздин мыйзамда 256-беренеде жазылгандай, кыргыз жараны башка чет элдик мамлекеттердин согушуна же аскердик конфликттерине катышса, милдеттүү түрдө жоопкерчилик тартат. Андан тышкары жалданмачылыкка барып, акча же башка бир пайда табам деп чет элдик согушка же аскердик конфликтке катышса, анда да жоопкерчиликке тартылат деп Кылмыш-жаза кодексинде жазылган.

Эгерде миграцияда жүргөн биздин мекендештер Орусиянын жарандыгын алып, кош жаран болуп, анан контракт түзүп, согушка катышса, анда ал жоопкерчиликке тартылбайт. Себеби Орусиянын жараны болуп калган. Эгерде Кыргызстан жараны болуп туруп барса, анда укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоо боюнча бардык процессуалдык нормаларды карап чыгышы керек.

БУУнун 27-июнга карата маалыматына ылайык, 24-февралдан бери Украинадагы согушта 4 731 жай тургун каза болгон. Дагы 5 900 киши жаракат алган. Ошол эле кезде, уюм каза болгондордун саны алда канча көп болушу мүмкүн деп эсептейт. Украина бийлиги да ушундай эле пикирди карманууда.

Президент Путин мобилизация жарыялаган соң Орусиянын көп шаарында нааразылык акциялары болуп, үч миңдей киши кармалды. Кремль фронтко 300 миң кишини тартууну көздөрүн билдирди. Армияга Орусиянын жарандыгын алган мигранттар да тартылууда.

Акыркы 2-3 айдын ичинде Орусия- Украина согушунда алты кыргыз каза болду. 

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган. Кыргызстан Орусия менен Украина согушунда расмий бейтарап позицияны карманууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь