Украина АКШдан жаңы жардам алды.

382

Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Украинага 625 миллион долларлык жаңы коопсуздук жардамын жарыялады.
Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТРТ жазып чыкты.

АКШнын эч качан Орусиянын Украинаны аннексиялоосун тааныбай турганын баса белгилеген Байден, Украинага жардамдарын ар дайым уланта тургандарын айтып, бул өлкө үчүн 625 миллион долларлык жаңы коопсуздук жардамын жарыялады.
Жардам пакетинде HIMARS көп стволдуу ракета аткычтар, замбирек системалары менен курал-жарактар ​​жана аскердик ок-дарылар камтылганын билдирген Байден, Орусиянын аннексия аракетин колдогондорго каршы катаал санкцияларга ар дайым даяр экенин белгиледи.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь