Казакстандык белгилүү журналист Гүлмира Абикай Токмок базарындагы уурдатып жиберген акчасына жаны кейиген карыянын көз жаш төккөн видеосун социалдык тармактагы баракчасына бөлүшүп, пикир калтырды.
Ал базардагы уюша калып, карыяга 120 миң сомду чогултуп бере салган кыргыз элинин кең пейилдигин баса белгилеп, өз элинде ушундай кырдаал катталса кыргыз калкындай кең пейилдигибизди көргөзө алабызбы деген оюн жазган.
“Бир туугандык дүйнөнү сактап калат. Токмок базарына жылкы сатып алууга келген аксакалдын акчасын уурулар уурдап кетишкен. Курмандыкка жылкы союуга ниеттенген чоң атабыздын чөнтөгүндө 120 миң сом болгон (720 миң теңге). Карыянын жаш баладай ыйлаганын көргөн эл анын жанынан кайдыгер өтө алган жок. Көз ачып-жумгуча уурдалган 120 000 сомду чогултуп алган.
Бири өкүнүч көз жашы, бири сүйүнүчтүн көз жашы болгон аксакалдын видеосу көпчүлүктү жүрөгүн толкутту.
Кызык, мен ойлоп коем. Бул окуя биздин башыбызда болсо, базардагылар абышкага акча чогултуп берип кубантышмак беле..?
Албетте бул менин оюум, көптөгөн казактын көз жашын аарчып жатабыз, 720 миң теңге эмне?! “, -деген пикирин калтырган.
Ал ортодо казак боордоштор жаагымдуу пикирлерин калтырышып кыргыз элинин кең пейилдигине суктанууда.

