Ачкачылык кармаган Н. Асанбеков сотко оор абалда алынып келинди

176

Бүгүн, 11-ноябрда Кемпир-Абад иши боюнча абакта ачкачылык кармап жаткан Нурлан Асанбеков сотко оор абалда алынып келинди. Бул боюнча видеону Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев бөлүшүп, Нурлан Асанбековду чыгарып даарылатпасаңар, өлтүрүп аласыңар!-деген пикирин жазып калтырган.

“Нурлан Асанбековду чыгарып даарылатпасаңар, өлтүрүп аласыңар! Ал Кемпир-Абадка тиешеси жок эле камалып отурат. 1-ноябрдан бери ачкачылык жарыялап, 21 килограммга арыктап кеткени кабарланууда. Сотко оор абалда алынып келинди.
Эскерте кетсем, Асанбеков саясатка тиешеси жок адам, болгону Равшан Жээнбековдун үйүн жасап жаткан куруучу”,-деп жазды Сагымбаев.
Белгилей кетсек, Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан Нурлан Асанбеков ачкачылык жарыялап, 21 килограммга арыктап кеткен. Бул тууралуу анын адвокаты билдирип, ал ачкачылык акциясын токтотпой турганын маалымдады. Маалыматка ылайык, ал суу дагы ичпей жатканы айтылды. Бирок абактын кызматкерлери аны күч менен тамактандырууга аракет кылышууда деп айтылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь