Бүгүн, 15- Ноябрь Тамекини таштоонун эл аралык күнү

416

Жыл сайын 15-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу алдында, Онкологдор уюмунун демилгеси менен Эл аралык тамекини таштоо күнү белгиленет. Бул дата Америкада 1977-жылдан тарта майрам катары белгилене баштаган. Максаты – тамекинин адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны тууралуу элге маалымат берүү жана чылым чегүүнүн алдын алуу. Бул күнү ооруканаларда бейтаптар үчүн тамеки тартуунун зыяндары тууралуу лекциялар окулуп, алар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. 

Тамеки (лат. Nicotiana) ― Бизче которгондо – Никотин. Өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумунун уруусу. Бир жана көп жылдык чөп, чанда бадал. Тамекинин 66 түрү Американын мелүүн жана тропик зонасында, Австралия менен Полинезияда кезигет. Көбүндө (айрыкча жалбырагында) уу алколоид – никотин бар. Кадимки тамеки жана махорка чегүүчү тамеки алыш үчүн айдалат.

Тамекинин бардык түрү- зыяндуу!

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамекини көзөмөлдөө боюнча координатору Даглас Бетчер, өспүрүмдөрдүн арасында, суу түтүгү аркылуу тарткан тамеки, же (электрондук тамеки), өзгөчө, өспүрүмдөрдүн арасында популярдуу болуп баратканына тынчсызданат.

“Тамекини суу түтүгү аркылуу тартуу – жаштардын арасында абдан модалуу ыкма катары жайылтылууда. Анысы аз келгенсип, бул ыкма – ден соолукка зыян келтирбейт, дегендей ижара менен таркатылууда. Тамеки суу аркылуу өткөндө андагы зыяндуу заттар азайат, деген түшүнүк таптакыр туура эмес. Суу түтүгүнүн башына – көмүр салынат, анын өзүндө эле далай карциногендер жана уулу заттар бар эмеспи,”- дейт Даглас Бетчер.

Чылымды суу түтүктөрү аркылуу чегүү, керек болсо, сигареттерден дагы коркунучтуураак болушу мүмкүн, себеби, анда тамеки чегүү убактысы узагыраак болуп калат. Ал ортодо, электрондук тамеки – ооздун жана тамактын ичинде рак илдетин көбүрөөк пайда кылышы мүмкүн, тамеки кандай түрдө чыгарылбасын, ал ден соолук үчүн баары бир зыяндуу бойдон кала берет.

Электрондук тамеки (Вейп) менен тамекинин ортосунда кандай айырма бар?

1) Тамеки буюмдары – никотинди камтыйт. Вейп бул (электрондук система) – никотинди жеткирүүчү система.

2) Вейп аркылуу буу менен дем алуу кадимки тамеки тартуу процессине окшош, ошондуктан ал көп учурда альтернатива катары кабыл алынат.

3) Тамеки – ачуу түтүн чыгарат. Вейп болсо никотин, уулуу заттар жана жыпар жыттуу заттарды камтыган химиялык суюктуктун буусу кийимде, териде жана чачта жагымсыз жыт калтырбайт.

4) Вэйптер тамеки буюмдарына (тамеки, түтүктөр же кальян), башкалары калем, флешка, помада, сувенирдик гитара, мотоцикл, тапанча ж.б. окшош. Аппарат көзгө уруна бербейт.

IQOS (Aykos) – нымдалган түтүн, аэрозолдор, курамында никотин бар (тамеки) жылытуу системасы. Тамеки таякчалары тамеки чегүү үчүн колдонулат.

Тамекинин зыянын өз көзүңүз менен көрүңүз!

Тамеки 25 түрлүү оорунун келип чыгышына себепкер боло алат. Анын коркунучтуулугу – терс жактары дароо эле байкалбастан, бир нече жылда барып байкала тургандыгында.
Маалыматтарга караганда, Кыргызстанда эркектердин 60, аялдардын 30 пайызы тамеки тартат. Келип чыгышына тамеки да себепкер боло турган жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунду ээлөөдө.

Тамекиден кайсы органдар зыян тартат?

  • Мээ
  • Омуртка
  • Өпкө
  • Бөйрөк
  • Табарсык
  • Жүрөк
  • Кекиртек
  • Ашказан
  • Жыныстык система
  • Жатын
  • Түйүлдүк
  • Тил
  • Кан тамырлар

Буларды да билип ал!

  • Тамекиден улам организмдин уулануусу эрте картаюуга алып келет!
  • Бойдо бар кезде тамеки тартуу балдардын салмагына жетпей жана ошондой эле ара төрөлүп калуусунун себепкери (20-30 пайыз) болуп эсептелет.
  • Жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгышын шарттайт. Мисалы, кан басым көтөрүлүп, жүрөк кеңейип, иштөөсү бузулат.
  • Тамеки тартуучулар өзү курактуулардан 10-20 жыл мурун эрте көз жумушат.
  • Коңурукту, сөөктө морттукту (ос­теопороз) пайда кылат. Сөөк морт болсо, адам жыгылса эле бир сөөгүнөн жарака кетип же сынышы мүмкүн.
  • Беттин терисине, дегеле денеге бырыш эрте түшкөндүктөн, адам өз курагынан улуу көрүнөт.

Тамеки чегүү рак ооруларына жеткизет!

Тамеки төмөнкү органдарды ракка алып келет: өпкө, колко, кекиртек, ооз, тил, уйку бези, табарсык, бөйрөк.

Өпкөнүн рагын суутектин кычкылы жаратат!

Тамекинин түтүнүндөгү абдан көп сандагы суутектин кычкылы (перекись водорода) өпкөнүн рагына жеткизет. Суутектин перекисинен улам рецептор иштешинен жаңылат да, клеткаларга жаңыланууга «буйрук» берет. Клеткалар чексиз бөлүнө баштайт да, оору келип чыгат.

***

Тамекинин түтүнүндө 12 000ге жакын түр­дүү заттар жана химиялык кошулмалар бар. Алардын 196 – уулуу, ал эми 14 – наркотикалык.

Тамеки тарткан адам эмне үчүн жөтөлөт?

Организмдин дем алуу жолдоруна кирген чоочун затты, башкача айтканда, түтүндү түртүп чыгаруу үчүн кылган аракети.

Тамеки – акырындан өлтүрүүчү уу

  • Фильтрлүү 1 даана сигаретте чайыр 14 миллиграммды, никотин 1,2 миллиграммды түзөт.
  • Фильтрсиз сигаретте чайыр 16 миллиграммды, никотин 1,3 миллиграммды чапчыйт.
  • Никотинди чоң дозада кабыл алуу нерв системасын шалга учуратат (жүрөктүн токтошу, өлүм).

Тамеки тарткан адамдар аз өмүр сүрүшөт

  • Дүйнөдө ар бир 10 секунд сайын тамекинин айынан 1 адам өлөт.
  • “2020-жылдан баштап ар жылда тамекиден 10 000000 адамдын өлүмү күтүлөт” деген маалымат бар.
  • 1998-жылы тамекиден дүйнөдө 4 000000 адам өлсө, 2008-жылы 49 000000 өлгөн.
  • Тамеки тартуучулардын 10 пайызы рактан көз жумат.

Тамеки тартуу бүткүл дүйнөлүк көйгөй болуп эсептелет. Чылым көптөгөн ооруларга себеп болуп, аны чегип жаткан адамдын гана эмес, анын жанында отурган кишинин дагы өмүрүн кыскартат. Расмий маалыматтар боюнча, ар бир 10 секундада планетада чылымдын айынан бир адам көз жумат (2020-жылы бул көрсөткүч 3 секундада бир адамдын каза болуусуна жетүүсү болжолдонот). Орусия дүйнөдө тамеки тартуу боюнча 1-орунда турат. Бул өлкөдө тамекинин терс таасиринен улам жылына 500 миңге жакын адам көз жумат.

Тамекинин түтүнүндө дээрлик 4 миңге жакын химикат кошумчалары бар. Алардын дээрлик 40ы өзгөчө кооптуу болуп саналып, рактын пайда болушуна алып келет.

Тамеки тартуу жүрөккө зыян. Тамеки чеккен адамдын жүрөгүнүн согушу жөнөкөй адамга караганда суткасына 15 миң соккуга көп болот. Денеге жана баш мээге тараган аба кыйла төмөн болот.

Тамеки тартуу – бул өнөкөт, көздүн көрүүсүн начарлатат, мээ үчүн абдан зыян жана эң башкысы өпкөгө өзүнүн терс таасирин тийгизет.

Чылым чеккен адамдар аз өмүр сүрө тургандыктарын окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Алсак, АКШнын окумуштуулары бир миллион адамга изилдөө жүргүзгөндө, ар күнү бирден тогуз даанага чейин тамеки тарткандар орто эсеп менен 4,5 жашка кем өмүр сүргөн, ал эми орто жаштагы, башкача айтканда 40-55 жаштагы адамдар күнүнө 10дон 19га чейин тамеки тарткандардын өмүрү болсо 8,5 жаш кем өмүр сүргөндүгү байкалган.

Тамеки таштоого чаралар.

Тамеки чегүү адамдардын ден соолугуна чоң зыян келтиргендиктен көп өлкөдө ага каршы күрөшүү боюнча атайын чаралар (тамекини рекламалоого, коомдук жайларда чегүүгө жана башкалар тыюу салуу) көрүлүүдө. Ар бир эрки күчтүү адам тамеки чегүүнү таштай алат. Аны дароо таштоо керек, тамекини аз-аздан чегип, акырындык менен таштоого аракет кылуу максатка жеткирбейт, мындай чектөөдөн чегүүгө кумарлануу күчөйт (дароо таштаганда 3-5 күн гана кыйналышы мүмкүн). Тамекини таштоону жеңилдетүүчү медикаменттик каражаттар да бар. Аны пайдаланууну врач менен кеңешүү зарыл. Көп учурда тамеки чегүүнү таштаганда аппетит жакшырып, адам семирип кетиши мүмкүн. Бирок демейде ал тез эле кайра калыбына келет. Тамекини таштагандан кийин толуп кетпөө үчүн сүт-өсүмдүк диетасына жана акырындык менен күч эмгегине өтүү керек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь