КРнын калкынын реалдуу акчалай кирешеси 4.3%га көбөйдү

424

Кыргызстандын калкынын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 4.3%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.

Бул 2022-жылдын I жарым жылдыгында керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген жана ал 272.3 млрд сомду түзгөн.

Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылдын I жарым жылдыгында 307.2  млрд сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17.7%га көбөйдү.

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2022-жылдын I жарым жылдыгында жалпы республика боюнча айына 7 408 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15.2%га көбөйгөн.

Ошол эле мезгилде Улутстаткомдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда инфляциянын деңгээли өткөн жылдын декабрь айында 7.9% болсо, быйыл октябрда 12.1%га жетти. Буга азык-түлүк товарларына (13.1%), азык-түлүк эмес товарларга (10%) керектөө бааларынын өсүшү жана ар кандай кызмат көрсөтүүлөргө (8%) баалардын өсүшү таасирин тийгизген. Башкача айтканда, өлкөдө кымбаттаган баалар калктын кирешесинин көбүн “жеп” коюуда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь