Индияда жатынын хирургиялык жол менен алуу үчүн жеке клиникага кайрылган аял операциядан кийин, эки бөйрөгү да жок экенин билген. Бул тууралуу Oddity Central басылмасы жазды.
Окуя сентябрь айында Бихар штатында болгон. 38 жаштагы Сунита Деви жатынын хирургиялык жол менен алып салуу үчүн Бариярпурдагы жеке клиникага кайрылган. Операциядан кийин бейтап ооруканадан чыгарылып, бирок анын ден соолугу тездик менен начарлай баштаган. Аял кайрадан ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер текшергенден кийин анын эки бөйрөгү жок экенин аныктап, аял эми диализсиз жашай албастыгын айтышкан.
Бир канча убакыттан кийин жабырлануучунун жакындары укук коргоо кызматкерлерине кайрылышкан. Иликтөө учурунда индиялык аял операция болгон клиниканын лицензиясы жок экени белгилүү болгон.
Эми үч баланын энеси Сунита күн сайын диализ алып турушу керек. Анын абалы оор деп бааланууда. Тирүү калуу үчүн аялга бөйрөгүн алмаштыруу керектелет. Мындай операция үчүн тизмелер узун жана индиялык аял өз кезегине жетпей калышы мүмкүн.
Сунита Деви Индия өкмөтүн анын бөйрөгүн уурдап алган дарыгерлерге карата чара көрүп берүүнү суранган. Мындан улам полиция текшерүү жүргүзүп, ага операция жасагандардын бирин кармаган. Калган дарыгерлер качып кетүүгө үлгүрүшкөн.