Кыргызстандын банктары биринчи жолу рекорддук суммада киреше алышты

390

Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жалпы кирешеси 2022-жылдын январь-октябрь айларында Улуттук банктын алдын ала маалыматы боюнча 19 млрд 730 млн сомду түздү.

Отчеттук мезгилде алынган таза кирешенин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5.6 эсеге көп: былтыр банктар 3 млрд 528 млн сом пайда алышкан.

Алынган пайданын көлөмү Кыргызстандын бүткүл тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча банктардын жалпы кирешеси болгону 3.6 млрд сомду, 2020-жылы 2.3 млрд сомду, 2019-жылы 3 млрд сомду түзгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь