Францияда дүйнөдөгү эң чоң “алтын балык” кармалды (Сүрөт)

247

Британиялык балыкчы Франциянын Шампан шаарындагы көлдөн дүйнөдөгү эң чоң “алтын балыктардын” бирин кармады. Анын салмагы 30 килограммдан ашкан, деп жазат The Daily Mail.

Балык 20 жыл мурун балык уулоочу жайдан көлгө коё берилген. Бирок ал колго түшпөй узак өмүр сүрө алды.

Анын терисинин ачык түсү үчүн Керрот (Сабиз) деген ат да берилген.

Керротту кармаш үчүн балыкчы Энди Хэкет 25 мүнөттөй убакыт кетирген. Андан соң бир нече жолу сүрөткө түшүп, балыкты кайра көлгө коё берген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь