Аял күйөөсү менен үч жыл алыста болуп, кайра жолуккан күнү каза болду

831

Орусиялык аял кытайлык күйөөсү менен үч жылдан кийин жолугуп, ошол эле күнү каза болгон. 2019-жылы никесин кыйдырган жубайлар Кытайда киргизилген карантинден улам жолуга албай калышты деп жазат Lenta.ru басылмасы.

Басылманын маалыматы боюнча, музыка тармагында иштеген Орусиялык Ника 2018-жылы Кытайда 38 жаштагы кытай жараны менен таанышкан. Ал эми 2019-жылдын апрель айында алар үй-бүлө куруп, ошол эле жылдын күзүндө Россияга Никанын апасы менен таанышуу үчүн келишкен. Никанын күйөөсү жакында Кытайга кайтып кетет. Ника бир нече айдан кийин күйөөсүнүн туулган жерине барууну пландаган

Бирок Кытайда коронавирустун айынан карантин киргизилип, жубайлар 2022-жылдын октябрында бир гана жолу жолугушкан.

“Биз беш мүнөттөй кучакташып, ыйладык. Мен абдан сүйүндүм. Бирок үйгө келе жатканда кайгылуу окуя болду”, – дейт Никанын күйөөсү Оуян.

Оуяндын айтымында, Никанын дем алуусу кыйындап кеткен. Ал жубайын дароо жакын жердеги ооруканага алып кеткен. Бирок дарыгерлер аялга “өпкө тамырларынын биринде кан уюп калган” деген диагноз коюшкан. Никанын жүрөг ошол жерден токтоп калган. Аялын кандайдыр бир жол менен сактап калгысы келген Оуян аны 150 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан башка ооруканага алып барган. Бирок канчалык аракет кылбасын аялын сактап кала алган эмес.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь