Бүгүн, 23-ноябрь Кино жана театр залкары – Муратбек Рыскуловдун туулган күнү.

346

Бүгүн кыргыздын кино жана театрынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон актер СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты – Муратбек Рыскуловдун туулган күнү.

Жетимчилик, кара жумуш… 

Муратбек Рыскулов 1909-жылы Жумгал районунун Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Жаш таланттын балалыгы жетимчиликте өтүп, 16 жашында борбор калаага келип, театрда кара жумушчу болуп иштеп калат. Ошондо актерлордун бири келбей калып, болочоктогу актер “Ревизор” спектаклинде биринчи жолу чакан ролду аткарып, сахнага алгачкы кадамын таштаган. 

Англичандарды таң калтырган кыргыз. 

Рыскулов 1936-жылы Кыргыз музыкалык-драма театрында билим алып, театрда иштей баштайт. Ал сахнада жалпы жонунан ондогон дүйнөлүк жана кыргыз спектакль, пьесаларда роль ойногон. Актерлук боюнча жогорку билими жок болгонуна карабай 1960-жылдары чакыруу менен Англияга барган. Дүйнө жүзүнөн чогулган актерлор “Король Лир” пьесасы боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашкан. Анда Рыскулов Лирдин монологун кыргыз тилинде аткарып, чеберчилиги менен Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIни жана англиялык көрүүчүлөрдү таң калтырган. 

Кыргыз киносунун Бакайы. 

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты 1949-жылдан тарта киного тартыла баштаган. Актер менен чогуу иштешип калган режиссер Геннадий Базаров Рыскуловдун намыскөй, акырын жүрүп алып көптөгөн адамдарга жардам берип, учурда иштеп жаткан бир топ таланттарга жол көрсөткөн акылман устат болгонун эскерет. Ошондой эле ал өз ишинин майын чыгарып, кээде импровизация кыла койгон инсан менен иштешүү өзүнчө эле ырахат болгондугун кошумчалады. Муратбек Рыскулов “Көчө”, “Бакайдын жайыты”, “Ак Мөөр”, “Караш-караш окуясы”, “Жоро”, “Менин жаңылыштыгым” өңдүү 20га жакын тасмада роль жараткан. 

Бир бүлөдөгү үч залкар. 

Муратбек Рыкулов менен атактуу актриса Сабира Күмүшалиева 38 жыл бирге өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн. Актерлор үйдө да репетиция кылып, бири-биринин чыгармачылыгын колдоп түтүн булаткан. Алардын уул-кыздарынын ичинен Искендер ата-энесинен араң макулдук алып театрга бел байлаган. Ата-эне балдарынын чыгармачылык менен кетүүсүнө каршы болгон. Болочоктогу режиссер Ташкент, Москва шаарларындагы театралдык окуу жайларын аяктаган. Кийин өлкөдөгү эң күчтүү режиссерлордон болуп Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына чейин жетишкен. Калк арасында ал инсандарды “бир үй-бүлөдөгү үч залкар” деп айтып келишет. 

Урушканды билбеген актер.

 СССРдин эл артисти бир топ сыйлыктарга татып, атак-даңкка жетишкенине карабай жөнөкөй, адамдар менен урушканды билбеген жан болгон. Улуу актер Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп төрт жолу шайланып, узак убакыт Кыргыз театралдык коомун жетектеген. Анын балдары Рыскуловдун мыкты уюштуруучу болуп, ата мекендик театрды жакшыртууга зор салым кошкондугун айтат. Залкар талант 1974-жылы 64 жаш курагында кан бысымынан улам борбор калаада көз жумган. Азыр актердун ысымын Нарын облустук музыкалык драма театры, борбор калаадагы бир көчө алып жүрөт.

Театр

Актердун чыгармачылыгынын алгачкы мезгилдеринде эле анын театр искусствосуна болгон жөндөмдүүлүгү даана көрүнө баштайт.Бара-бара ал кайсы гана ролдо болбосун табигый таланты менен бирге сахналык маданиятты өөрчүтүп,чеберчилигин арттырууга жетишкен.Ошондой эле бир катар монументтүү драмалык (У.Шекспирдин “Отеллосунан” Отеллонун,”Король Лиринен”король Лирдин,М.Горькийдин “Егор Булычев жана башкаларындагы”Егор Булычевдин, Б.Жакиевдин”Атанын тагдырынан”Акылбектин)образдарын түзгөн. Лондондо өткөрүлгөн У.Шекспирдин 400 жылдык юбилейинде Муратбек Рыскулов Король Лирдин монологу менен чет мамлекеттик көрүүчүлөрдү таң калтырган.Таланттуу актер тарабынан түзүлгөн Лирдин образы психологиялык чындыгы жагынан татыктуу орунду ээлеген.

Кино

Муратбек Рыскуловду дүйнө жүзүнө тааныткан жеке гана драматургия эмес кино экраны да болду. Республикада көркөм фильмдердин студиясы пайда боло электен алда канча мурда эле ал кыргыз актерлорунан биринчи болуп киного катышып, 1950-жылы “Алитет тоо таянды” кинофильминде Ашыктын образын ачык гротекс планда атайын апыртып берсе,”Алыскы тоолордогу” мыкаачы зулум Сарыгул байды омоктуу көргөзүп,”Тянь-Шань кызындагы” Ашырбай абышка үчүн илбериңки психологиялык белгилерди таба алган.Кыргыз мүнөзүнүн эң сонун касиеттери “Бакайдын жайыты” фильминдеги Бакайдын турпатынан көрүнөт.

Тартылган тасмалары


Бакайдын жайыты
Ак-мөөр
Тайгак кечүү (кино)
Караш-караш баяны

Сыйлык наамдары.

1967-жылы Муратбек Рыскуловго “Король Лир”спектаклинде Лирдин жана “Атанын тагдыры” спектаклинде Акылбектин ролдорун аткарууда жогорку чыгармачылык чеберчиликке жетишкендиги үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты деген наам берилген.Таланттуу актердун чыгармачыл эмгегин жогору баалап,өкмөт Муратбек Рыскуловду Ленин ордени,башка эки орден жана медалдар менен сыйлаган. Муратбек Рыскулов тууралуу “Муке” аттуу фильм тартылган. Ысымы Бишкек шаарындагы көчөгө жана Нарын областтык музыкалуу драма театрына берилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь