Депутат Бакиров ага кабинет берилбей жатканын айтты

156

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировго жаңы иш бөлмө бериле элек. Бул тууралуу эл өкүлү өзү журналисттерге билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, ал буюмдарын кесиптешинин иш бөлмөсүнө таштоого мажбур.

Ошондой эле, Бакиров болгон окуяны улам трагедия кылбай турганын кошумчалады.

«Жума күнү президенттин иш башкармалыгынан мага саат 13:00гө чейин иш бөлмөмдү бошотууну суранган кат келди. Мен ал убакта жумушта эмес элем, жардамчыларым түшкү тамакка кетишкен. Офиске менеджер келип, менин буюмдарымды кабылдамага алып чыгып коюптур. Азыр мага жаңы кеңсе бериле элек. Мен эски кеңсемде үч жыл иштедим. Негизи мага баары бир. Чоң кабинетте отуруп алып элдин талабын аткарбай койсоң деле болот. Мен мындан трагедия кылбайм», – деди Өмүрбек Бакиров.

Эске салсак, 18-ноябрда президенттин иш башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдон иш бөлмөсүн тартып алган. Бир күн мурун парламенттин жыйынында депутат менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин ортосунда оозеки жаңжал чыккан. Акыркысы Өмүрбек Бакировго карата уят сөздөрдү айткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь