«Русатом» Кыргызстанда чакан атомдук электр станциясын куруу долбоорун даярдайт

168

Россиянын «Русатом Энерджи Проджектc» ААКсы Кыргызстанга чакан атомдук электр станциясын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап берет. Бул макулдашуу боюнча Энергетика министрлиги маалымат берди.

Сочиде өткөн «АТОМЭКСПО-2022» эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын энергетика министрлиги менен Россиядагы «Русатом Энерджи Проджект» акционердик коомунун («Росатом») кызматташуусу жөнүндө документке кол коюлду.

Макулдашууга ылайык КР Энергетика министрлиги менен «Росатом» Кыргызстандын аймагында чакан кубаттуулуктагы атомдук станцияны куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдашат.

Документке Энергетика министри Таалайбек Ибраев, «Русатом Энерджи Проджекттен» Андрей Рождествин кол койду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь