Садыр Жапаровду Армениялыктар кантип тосуп алды? (Сүрөт)

202

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда, Армения Республикасына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь