Түркиянын түндүк-батышында болгон жер титирөөдөн кеминде 22 киши жаракат алды (Видео)

153

Түркиянын түндүк-батышында болгон жер титирөөдөн кеминде 22 киши жаракат алды. Бул тууралуу шаршемби күнү, 23-ноябрда өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

“Дюзджеде 22 адам жарадар болгон, алардын биринин абалы өтө оор”, – деп жазды ал Twitter баракчасына.

Ошондой эле бөлүм башчы шаарга тез жардам бригадалары жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Кожа жаңы маалыматтар пайда болгондо бөлүшө турганын баса белгиледи. 

Эске салсак, 22-ноябрда Түркиянын түндүк-батышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору алгачкы жер титирөөнү саат 04:08де катталганын билдирди. Жер титирөөнүн очогу Дюздже провинциясынын Голяка районунда жайгашкан. 

Жер титирөө өлкөнүн түндүк-батышында гана эмес, борбордук бөлүгүндө да көп аймактарда сезилди. Ошол эле учурда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу билдиргендей, жер титирөөдөн жабыркагандар жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь