Элдик курултайга байланыштуу Бишкектин көчөлөрү 4 күн жабылып турат

175

24-25-26-27-ноябрь күндөрү Бишкекте негизги көчөлөргө убактылуу чектөөлөр киргизилет Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Кайгуул милиция жолдор курултайга аймактардан келген катышуучуларды ташуу учурунда гана жабыла турганын эскертти.

Убактылуу чектөө киргизиле турчу көчөлөр:

Манас /Чыңгыз Айтматов проспектиси. Жибек Жолу проспектисинен Түштүк магистралга чейин;

Жибек Жолу проспектиси. Фучик көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин;

Абдрахманов көчөсү. Жибек Жолу проспектисинен Түштүк магистралга чейин;

Белгилей кетсек, 25-26-ноябрь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултай өтөт.

Элдик курултай — кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш. Ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет. Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу боюнча” жарлыкка кол койгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь