Эмилбек Абдыкадыров: Таштандыга болгон төлөмдүн баасы көтөрүлүшү керек

148

Таштандыга болгон төлөмдүн баасы көтөрүлүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрь күнү Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирди.

“Бүгүнкү күндө бардык нерсенин баасы өстү. Азыркы учурда таштандыга болгон баа 25 сом. Бирок бир адам канча таштанды чыгарып жатат. Мен бир нече өлкөдө болдум. Буюрса, таштандыны иштетүүчү жай куруунун үстүндө иштеп жатабыз. Жакында биз сиздер аркылуу коомчулукка тартуулайбыз”, – деди Абдыкадыров.

Эскерте кетсек, буга чейин борбор калаада “Тазалык” муниципалдык ишканасы кошумча таштанды контейнерлерин орнотуп жатканы кабарланган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь