Келерки жылы мамлекеттик кызматтардын жалпы бюджеттик чыгашалары 40 млрд сомго көбөйөт

270

Келерки жылы мамлекеттик кызматтардын жалпы бюджеттик чыгашалары 111.2 млрд сомдон ашат. Быйылкы жылга салыштырмалуу чыгымдар 40.1 млрд сомго көбөйөт. Бул тууралуу 2023-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда жазылган.

Алсак, бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгашалар 39.5 млрд сомго көбөйүп, жалпысынан 109.3 млрд сомду түзөт. Калган каражат атайын эсептен – 1.8 млрд сом (650 млн сомго көбөйөт) бөлүнөт. Мамлекеттик кызматкерлерге кеткен чыгашалар 2023-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы чыгашасынын 29.1%ын жана ИДПнын 12%ын түзөт.

Көбөйгөн чыгымдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга, Социалдык фондду, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун каржылоого, трансферттерди теңдештирүүгө, мамлекеттик карызды тейлөөгө каралган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь