Орусия менен Украинанын ортосундагы туткундар алмашылды.

262

Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Украина тарап менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 35 орус аскеринин бошотулганы белгиленди.

Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралдан бери уланып жаткан согушта туткунга түшкөндөрдүн айрымдары алмаштырылды.

Орусиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта, Украина тарап менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 35 орус аскеринин бошотулганы белгиленди.

Билдирүүдө керектүү медициналык жана психологиялык колдоо көрсөтүлгөн аскерлердин Министрликке таандык учактар ​​менен борбор шаар Москвага жеткирилери айтылды.

Бул тууралуу Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак болсо Telegram каналынан билдирүү жасап: «Биз 36 жараныбызды үйлөрүнө алып келдик, анын 35и карапайым тургундар»,- деди.

Алардын арасында Украинанын Мариуполь шаарындагы «Азовсталь» заводунда согушкандар жана Чернобыл атомдук станциясында согуштун алгачкы күндөрүндө туткунга түшкөн аскерлердин да бар экенин белгилеген Ермак, 8 ай бою туткунда калган жарандарды куткара алышканын баса белгиледи.

Орусия менен Украинанын ортосунда 3-ноябрда болгон туткун алмашуунун алкагында 107 орус жана 107 украин аскери эки тараптуу түрдө бошотулган эле.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь