Таразда “Казфосфат” компаниясынын жумушчулары нааразылыкка чыгып, жетекчиге тап берди (Видео)

293

23-ноябрда Таразда “Казфосфат” компаниясынын жүздөгөн кызматкери нааразылык акциясына чыкты. Жергиликтүү бийлик бул окуяны кызматкерлер менен жетекчилик ортосундагы “түшүнбөстүк” деп атады.

“Казфосфат” имаратынын алдында чогулгандар санариптик трансформация боюнча башкармалыктын башчысы, Орусия жараны Олег Куликовдон эл алдында кечирим суроону талап кылышты. Маалыматка караганда, ал жумушчулар менен жолугушуу учурда аларды “койлор” деп атаган.

Жергиликтүү маалымат агенттиктери заводдо 200дөн ашуун киши чогулганын кабарлашты. Окуя болгон жерге Жамбыл облусунун акиминин орун басары жана прокурордун орун басары келген. Башкармалыктын башчысы кечирим сураган. Ал кызматтан алынганы кабарланды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь