Ташиев эки депутат өтө оор кылмышка шектелип жатканын айтты

262

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин эки депутатына кылмыш иши козголушу мүмкүндүгүн эскертти.

Анын айтымында, учурда аларга карата арыз түшүп текшерилип жатат.
“Эки депутатка карата иш бар. Муну алдын ала айтып коёюн, эртең дагы айтып чыкпагыла. Кээ бирлерине өтө оор кылмыштарга байланыштуу иштер дайындалып, экспертизалар жргзлд. Жакында Башкы прокуратура иш козгойт. Ал боюнча керектүү адамдар арыздарды берди. Түшкөн арызды кароо биздин милдет”, — деди Ташиев.

Ошондой эле УКМК төрагасы иликтөө маалында кылмыштар такталбай турган болсо, сот аркылуу чечимдер кабыл алынарын белгиледи.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь