Бирок биз бири-бирибизди атайын издеген жокпуз. Биз күтүүсүздөн жолуктук…

Ашыктыктын ааламында өтө аздектүү, кечиккен кездешүүлөр, болоорун атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен таланттуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева экөөнүн арзуу тагдыры эле далилдеп турбайбы. Эки жылдыздын сезим дүйнөсү кандайча башталып, махабат бийиктигин кантип эриш-аркак багындырышканын маркум Чыңгыз Айтматовдун ашыгы Бүбүсараны эскергендеги айрым сөздөрү менен берүүнү эп көрдүк.
***
Менин жашоомдо эстен чыккыс бактылуу күндөрдүн бири сүйүүгө жолуккан күн эле. Бирок биз бири-бирибизди атайын издеген жокпуз. Биз күтүүсүздөн жолуктук. Бул тагдырдын буюрган сыйлыгы деп да ойлойм. Ал турмушума жарык чачкан, кыргыз искусствосунун жылдызы Бүбүраса Бейшеналиева болгон.

Элүүнчү жылдардын аягы. Москвадагы лит.институтту бүткөн кезим. Бир күнү ошондогу Фрунзе шаардык комитетинин биринчи секретары Т.Усубалиев чакырды. Барсам делегация менен кошо Ленинградга учуумду талап кылды. Опера жана балет театрынын тобу менен кошо Ленинградга келдик. “Ленфильм” “Чолпон” фильм балетин тартып жаткан экен. Фильмде башкы каарманды аткаруучу Бүбүсара Бейшеналиева менен тааныштым. Кийин ойлонсом ошондо тагдырга жазган таалайыма жолукканымды түшүнгөм.
***
Мурда бири-бирибизди сырттан укканыбыз менен жакындан тааныш эмес болчубуз. Бир-бирибизге болгон симпатиябыз артып, тез эле тартыла бердик. Аны сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Мурдараак жолукпаганыбызга таңдандык.
***
Эки-үч күндөн кийин Москвага келдим. Көп өтпөй Бүбүсара келип калды. Москва мейманканасында бир күн, бир түн болдук. Бул жандүйнөмдүн байышынын унутулгус учуру эле. Бир-бирибизди кыялбай кайра-кайра коштоштук. Андан соң, Ленинградга кайра жеткирип бардым. Ал мени кайра Москвага жеткирип барам деди. Мен болгон жокмун. Ошол учурдан тартып Бүбүсаранын өмүрүнүн акырына чейинки он төрт жыл ичинде жүрөктө тутанган жалын өчкөн жок.
***
Кээ бирөөндө суроо туулушу мүмкүн. “Миң бир түн” жомогундай болгон бул экөө неге тагдырын кошуп жашашпады экен дегендей. Ал жөнүндө сөз баштаганымда Бүбүсара теманы башкага буруп жиберчү. Ага шашылбоону эскертчү.
***
Бир жолу Бүбүсара экөөбүз Москвадан тез жүрүүчү “Москва-Алмата” поезди менен Фрунзени көздөй жол тарттык. Ыңгайлуу эки кишилик купе. Телефон жана башка менен эч ким тынчтыкты бузбайт. Мындагы үч күн, үч түн түгөнбөс жомоктогудай өттү. Жашоодо көргөн билгенибизди айтып, кызык баарлашуубуз өзүнчө эле кылымга тете учур болду. Эч кимге айтылбаган, катылган ички сырлар ачылды.
***
Кайсы бир гастролдон ооруп келди. Көкүрөгүндө зыяндуу шишик бар дешти врачтар. Бир жарым жыл оорунун азабын тартты. Бул түшүндүрүп бералгыс азап болгон.
***
Күн өткөн сайын Бүбүсара ал-күчүнөн тая берди. Жаткан төшөгүнөн өзү туралбай баратты. Тез өзгөрдү. Жайнап турган көзү ичине кирип, киртийип алсыз тунжурап турчу. Ошондо түшүндүм, анын дарты айыкпас дарт экенин… Ишимде тынч отуралчу эмесмин. Оорукананы тегеректеп жүрчүмүн.

Мен келгенде анын алсыз жылмаюусу албетте жүрөктү тызылдатып туруучу… Анын акыркы минуталары да жүрөгүмдө “ангел-хранитель” сыяктуу сакталууда.
Чыңгыз менен Бүбүсаранын ашыктык доору ушундай трагедия менен аяктаган. Бүбүсараны акыркы сапарга узатууда Чыңгыз кара кийинип, көз жашын кармай албай, буркурап боздоп турган экен. Топтошкон элдин арасынан: “Бул эмнеси, өзүнүн аялы, балдары туруп, көңүлдөгү кишисине дагы ушунчалык ыйлайбы? Эл авторитети үчүн өз аялына дагы мынчалык ыйлабайт. Элден тартынбайбы?” – деген күбүр-шыбыр тарайт. Бирок, ошол күбүр-шыбырдын ээлери тоталитардык мезгилдин талабынан да, тирүүлүктөгү кадыр-барктан да сезим, арзуу, ашыктык деген аалам бийикте тураарын түшүнбөгөн көр сокурлар эмеспи. Анык сезим, анык ашыктар дүйнөсү так ушундай болот. Ал “эл эмне дейтиңе” карабайт. Анынсыңары Чыңгыз менен Бүбүсаранын ашыктыгы күбүр-шыбыр көрсокурлуктан бийиктеп кеткен…