Шакиев 90 депутаттын баарына ата, ага болом деп убада берген эмесмин деп агынан жарылды (Видео)

872

Бүгүнкү парламенттин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүз калганы тууралуу дарегине айтылып жаткан пикирлер боюнча оюн билдирди. Ал өз сөзүндө муну чоң маселеге айландырбоо керектигин айтты.

“Мен 90 депутатка ата болом, эне болом, ага болом деп убада берген эмесмин. Менин милдетим ошол. Бул жерде бир гана Өмүрбек Бакиров жөнүндө эмес, депутат жөнүндө сөз болуп жатат. Жөн калбайт. Чара көрүлөт. Жагымсыз көрүнүш болду. Кайра кайталанбашы үчүн чекит коюшубуз керек. 

Иш башкада, биздин башкармалыкты берип салуу туура эмес иш болгон. Бул ошонун далили. Өзүбүздүн имаратка өзүбүз кожоюн боло албай отурабыз. Мен силерден суранам, муну чоң маселеге айлатпайлы. Көйгөйлүү маселелер толтура”,– деди Шакиев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь