Замир Көчөрбаев: Депутаттар өзүнө керек мыйзамдарды бир күндө кабыл алышат

413

Элге керек мыйзамды кабыл албаган депутаттарды эл өкүлдөрү деп айта албайбыз. Мындай пикирин Талас облусунан келген делегат Замир Көчөрбаев бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.

“12 жылдап биз курултай маселесин бир топ агаларыбыз менен көтөрүп келдик. 5-6-чакырылыштын депутаттары ушул маселени ошол кездеги Баш мыйзамдын 52-беренесинде турганы менен кабыл албай келишкен. Бүгүн дагы Баш мыйзамга өзүнчө берене болуп киргенине карабай, 7-чакырылыштын депутаттары эмнегедир курултай мыйзамынан чоочуркап, кабыл албай келет. 

Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары, сиздер элдин өкүлүсүздөр, эл үчүн иштей турган мыйзамды, эл көксөгөн мыйзамды, элдин бийлиги болгон, өзөгү болгон мыйзамды эмне себептен кабыл албай келе жатканыңыздарды мен түшүнбөй келем. 

Ушундай элдик мыйзамды кабыл албасаңар, биз сиздери эл өкүлдөрү деп айта алабызбы? Албетте, айта албайбыз. Өзүңүздөргө керек мыйзамдарды бир күндө 3 окуудан кабыл алып жатасыздар. Элге келгенде созуп каласыңар. Алты айдан бери комитетте каралбай келет. 

Бегилей кетүүчү нерсе, Баш мыйзамда курултай бул – көзөмөлдөөчү жана сунуш берүүчү элдик орган катары кирип жатат. Мүмкүн керек болсо Баш мыйзамга толуктоо киргизүү керек. Курултай көзөмөлдөөчү жана, курултайдын сунушу милдеттүү түрдө аткарылсын деген өзгөртүүнү киргизүү керек. 

Урматтуу депутаттар, ушуну анализдеп чечип берсеңиздер”, – деди Замир Көчөрбаев .

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь