Аксакал президентке “мен сүйлөп жатсам компьютер ойноп отурасыз” деп таарынды (Видео)

798

 Аксакал Туратбек Мадиев элдик курултайда Талас облусунун Манас районундагы социалдык объектилердин курулушуна токтолду.

Ал райондо спорт комплекси курулганын айтты. Анын айтымында, спорт зал үчүн жабдууларды сатып алууну убадаланган.

Спорт залдын ачылышына министрлер кабинетинин мүчөлөрүн чакырышкан.

«Бизде күрөш боюнча турнир өтүп жатат. Кудай буюрса, акчанын баары которулду. Урматтуу Садыр Нургожоевич, бери караңыз. Мен сизди спортсмен катары айтып жатсам, сиз болсо компьютер ойноп отурасыз. Кечирип коюңуз», – деди ал.

Буга президент Садыр Жапаров аксакалдын сөзүн жазып жаткандыгын айтты. Мадиев мектеп курулуп жатканын да белгиледи.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь