“Шоро” суусундуктары кантип чыгарылат? (Видео)

494

“Элдик медиа” маалымат агенттиги Кыргызстандын улуттук суусундуктарын чыгаруучу “Шоро” компаниясында болуп, ичүүчү суусундуктар кантип чыгарылып жатканына күбө болду.

“Шоро” ичүүчү суунун үч түрүн чыгарат – “Легенда”, “Байтик” жана “Ысык-Ата”. “Суунун баары  таза булактардан алынат”, – дейт өндүрүштүн директору Нурдин Осмонбаев.

Суунун ар бир партиясы пайдалануу үчүн лабораториялык текшерүүдөн өтөт.

Белгилей кетсек, “Шоро” жак 1992-жылы түзүлгөн. Алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү жана таратуу менен алектенет.

Ошондой эле “Шоро” команиясы бүгүнкү күндө таң, максым, чалап, аралаш, жарма, жана бозо шоро улуттук суусундуктарын элге тартуулап келет.

Эскерте кетсек, 2 күн мурун блогер Али Эргешовдун “Шоро” компанисы тууралуу видеолору социалдык тармактарга тарап, коомчулукта сын – пикирлерди жараткан.

Видео боюнча “Шоро” компаниясына кайрылганыбызда ар бир жаранга эшиктери ачык экенин белгилеп, түшүнбөстүктөр жаралганын кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь