“Өлкөдө чет элдик номер менен 100миңге жакын оң рулдуу унаа жүрөт”. Бул тууралуу оң рулдуу автоунааларга коюлган чектөөнү алып салуу идеясын колдогон блогер, Safari айдоочулар кыймылынын мүчөсү, ” #заЯпошки ” тобунун негиздөөчүсү Эртай Искаков “Элдик Медиа” маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.