АБДРАЗАКОВ: “ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ КУРУЛТАЙДЫН ЭМНЕ КЕРЕГИ БАР ДЕГЕН КЫЗГАНЫЧ БОЛДУ”(Видео)

668

“Жогорку Кеңеш тарабынан Курултайды өткөрүүдө кызганыч болду”. Мындай пикирин бүгүн, 1-декабрда  өткөн маалымат жыйында  Биринчи Элдик Курултайдын төрагасынын орун басары Бейшенбек Абдразаков билдирди.

“Өзүңүздөр көргөндөй, Элдик Курултайга Жогорку Кеңештин төрагасы да келип катышты. Элдин көзүнчө сөз берди, мыйзамды элдин көзүнчө кабыл алып беребиз деп… Бирок алардын, биз (Жогорку Кеңеш) турсак Курултайдын эмнеги кереги бар деген кызганычы болду. Ал Баш мыйзамда жазылып турат, бул Жогорку Кеңеш мыйзам жазат, мыйздамды көзөмөл кылат, бюджетти бекитет деп, а бул Курултай болсо элге багыт берет, баа берет, сунуш берет. Экөөбүнүн эки башка функциясы бар, ошону айрымалай билиш керек”, – деди Абдразаков.

Эскерте кетсек, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эки күнгө созулган биринчи Элдик курултай өтүп, анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь