ЖАКнын төрагасы Жалал-Абаддагы жаңы түзөтүү мекемесинин пайдубалына капсула салды

277


Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын тарыхында биринчи жолу республиканын түштүгүндө дароо эки атайын мекеменин масштабдуу курулушу башталды.
Өлкө жетекчилигинин жазык-аткаруу тутумундагы фундаменталдык инфраструктуралык өзгөртүүлөр тууралуу чечими иш жүзүнө ашырыла баштады. Тактап айтканда, Бишкектин чегинде моралдык-техникалык жактан эскирген No47 – түзөтүү мекемеси жоюлуп, шаар четине көчүрүлгөн. Ошондой эле шаарлардан бир катар эскирген түзөтүү мекемелерин чыгаруу каралган. Анын ордуна жаза аткаруу тутумунун коопсуздук стандарттарына да, соттолгондор үчүн гумандаштыруу талаптарына да жооп берген заманбап объекттер пайда болот.
Төрага, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев башында турган ЖАКнын делегациясы маанилүү реформалык миссия менен Жалал-Абад облусуна барды.
Бул жерде Сузак районунун Таш-Булак айылына жакын жерде 200 орундуу 4 кабаттуу СИЗОнун курулушу башталды. Ошентип облуста биринчи жолу СИЗО пайда болот. Айта кетүүчү жагдай бул үчүн ЖАК өзүнүн атайын жабдуулары жана курулуш бригадасынын күчү менен иш алып барып жатат. Стратегиялык маанилүү No53 – мекеменин ачылыш аземине ЖАК командасынан жана Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 5-батальонунун жоокерлеринен тышкары, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Жаза аткаруу тутумунун ардагерлеринин өкүлдөрү катышты.
Таш-Булактагы курулуштун абалы менен таанышкан ЖАКнын делегациясы жана башка катышуучулар ошол эле күнү коңшулаш Базар-Коргон районуна жөнөп кетишти. Бул жерде Бай-Мундуз айылынан анча алыс эмес жердеги 8,5 гектар жерде дагы башкармалыктын өздүк каражаты менен иштер кызуу жүрүп жатат. Анда No10 – түзөтүү мекемесинин 1500 орунга ылайыкталган заманбап имараты курулат. Ошентип, бул жерде калк жыш жайгашкан Жалал-Абад шаарынан тоолуу мейкиндикке эбактан бери башка жакка которууну талап кылган түзөтүү мекемеси көчүрүлүп жатат. Албетте, азыркы талаптарды эске алуу менен, бул жерде такыр башка, жакшыртылган шарттар түзүлөт – соттолгондор үчүн да, ЖАКнын кызматкерлер үчүн да.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь