Медер Алиевдин ордуна Чолпон Султанбекова комитет жетекчиси болду

250

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына «Ишеним» фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова шайланды.

Бул тууралуу парламенттин 1-декабрдагы жыйынында белгилүү болду. Султанбекованын талапкерлиги үчүн 81 депутат «макул», экөө «каршы» добуш берди.

30-ноябрда Медер Алиев аталган комитеттин төрагалыгынан кеткен. Ал мындай чечимди кабыл алууга Кемпир-Абад маселеси себеп болгонун билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь