Өгөй ата наристе кызга ичимдик ичирип, тамеки жана насыбай чектирип «кыйнап өлтүргөн»

1 496

Жогорку сот өгөй кызына зомбулук көрсөтүп жатып өлтүргөн атаны 15 жылга кести. Өкүм 2022-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

  • Абды (аты өзгөртүлдү, Ү.Т.) 1985-жылы Сузак районунда туулган, билими орто, ажырашкан, эч жерде иштебейт, мурда соттолгон.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Абды 2018-жылдын 4-ноябрында Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну Анаркүл (аты өзгөртүлдү, М.к.Т.) менен баш кошкон. Жабырлануучу Анаркүлдүн мурунку турмушунан 2016-жылы туулган Гүланда (аты өзгөртүлдү, А.Р.) аттуу кызы болгон.

2018-жылдын ноябрь айынын орто чендеринде Абды үйүнө мас абалда келип, Гүланданы ур-токмокко алган учурда наристенин башы жерге тийип канап кеткен. Андан сырткары Абды өгөй кызына спирттик ичимдигин ичирип, ачуу калемпир жедирген.

Ошондой эле, 2019-жылдын январь айында Гүландага тамеки тарттырып, насыбай чектирген. Ошол маалда наристе «сийем» деп айтканда, аны эки колу менен жакасынан кармап, колу менен чаап, жерге жаткырып койгон. Гүланда ошондон баштап коркконунан шымына сийип баштаган. Анда дагы «шымыңа сийсең, могу жериңди үзүп алам» деп, жыныстык мүчөсү жагынан чымчып, денесине жараат келтирип жүргөн.

Наристе дене жаракатынан улам тынбай ыйлагандыктан, Абды Анаркүлгө «кызыңды ал. Эгер ушундай ыйлай бере турган болсо, бир нерсе кылып таштайм» деп айтып жүргөн.

2019-жылдын 15-мартында саат 07:30 чамасында Анаркүл балдар бакчасына жумушка бара жатканда, уктап жаткан кызын сыртка алып чыгып тоскон. Ошол күнү балдар бакчасына текшерүү пландалгандыктан, кызын аргасыз күйөөсү Абдыга таштап кеткен. Себеби, анын тиешелүү документтери болгон эмес.

Кыздын апасы жумушка кеткенден кийин Абды эч ким жоктугунан пайдаланып, муштуму менен наристенин оң кулагынын артына, төбөсүнө, оң билегине, сол чеңгелине, ичине, эки тизесине, оң тарап чыкыйына, башынын оң тарабына, уруп, буту менен тээп жараат келтирген. Анын кесепетинен Гүланда кусуп, ичи өтүп кеткен. Абды аны сыртка алып чыгып жуунтуп, кайра үйгө киргизип жаткырып койгон. Болжол менен саат 11:00 чамасында 3 жаштагы наристе чарчап калган.

Сузак РИИБдин кызматкерлери келип, тергөө амалдарын баштаганда өзүнүн кылмышын жаап- жашыруу максатында аялы Анаркүлгө «сен аялсың, мойнуңа ал. Саткан унамдын акчасын алып, сени чыгарып кетем» деп айтып, аны мойнуна алдырткан. Натыйжада өзү кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кеткен.

Сузак райондук сотунун 2021-жылдын 12-ноябрындагы өкүмү менен Жазык кодексинин (2017-жылдын 2-февралындагы редакциясы) 135-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп (этиятсыздыктан киши өлтүрүү) табылып, 4 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясынын 2022-жылдын 9-мартындагы өкүмү менен Сузак райондук сотунун 2021-жылдын 12-ноябрындагы өкүмү өзгөртүлгөн.

Абды Жазык кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту (Ден соолукка оор зыян келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 8-майындагы «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75-жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын 10-жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүмүн колдонуу менен Абдыга карата дайындалган эркиндигинен ажыратуу жазасынын 1/3 бөлүгүнө кыскартылган.

Жабырлануучунун жактоочусу Н.Р. апелляциялык инстанциядагы соттун соттук актысы менен макул болбой, кассациялык даттануу келтирип, Абдыны ЖКнин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3,7,9-пункттары менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркиндигинен ажыратууну сураган.

Жыйынтыгында Абды тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун 2022-жылдын 9-мартындагы өкүмү өзгөртүлдү.

Абды Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3,7,9-пункттары (киши өлтүрүү) менен 15 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

Булак: Turmush

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь