Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко күч менен алып келинет

281

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча кылмыш ишин кароону улантты.

Отурумдун жүрүшүндө прокурор негизги айыпталуучу Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча өтүнүч келтирди.

Көзөмөл органынын өкүлү кечээ экс-президент дагы бир кылмыш иши боюнча сот отурумуна келгенин эске салды.

Судья Азирет Медеров прокурордун өтүнүчүн канааттандырды.

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге карата бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция жана арам акчаны адалдоо фактылары боюнча. Ал ошондой эле түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген жана 2020-жылдын октябрь айында массалык баш аламандык уюштурган деген айып менен айыпталып, бирок соттолуучу акталган.

Эске салсак, Кой-Таш окуясы боюнча материалдар дагы эки кылмыш иши менен бириктирилген – жер тилкелери жана ТЭЦке көмүр жеткирүү боюнча.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь