Бүгүн, 2-декабрь Кулчулукту жоюунун эл аралык күнү.

1 495

Бул күндү белгилөө 1949-жылы 2-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан колдоого алынган.

Адамдарды сатуу жана үчүнчү тараптын сойкулукту эксплуатациялашына каршы күрөшүү боюнча конвенция менен тыгыз байланышта.
Дүйнөдө кулчулукка каршы күрөш башталган күндөн тарта активдүү иш жүргүзүлүп келет. Бирок, кулчулук гүлдөп гана тим болбостон, ага дем-күч берген окуялар дүйнөлүк тарыхта бар.

Бүгүнкү күндүн прогрессивдүү доорунда дагы, кулчулукка дүйнө жүзү боюнча тыюу салынгандыгына карабастан, ал дагы деле бар жана ал миң жыл мурдагыдай эле, бир адамды экинчи адамга карата басмырлоого негизделген. Аргасыз эмгек, сексуалдык эксплуатация, согуш туткуну, үй-бүлөлүк кулчулук, мажбурлап никеге туруу, кыз сатуу, балдарды куралдуу кагылышууларга колдонуу үчүн күч менен тартуу, адам сатуу ж.б. – бул кулчулуктун заманбап түрлөрү, аларды жок кылуу – ушул күндүн башкы максаты бойдон калууда.
Заманбап кул сатуучулардын курмандыктарынын көпчүлүгү коркутуу, зомбулук, мажбурлоо, алдоо жана же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу дуушар болгондор. Демек, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана башка структуралардын аракеттери бүгүнкү күндө мындай учурларды аныктоого жана алдын алууга гана эмес, адамга каршы кылмыштын ушул түрүн уюштуруучуларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга ошондой эле жабырлануучуларды реабилитациялоого багытталган. 

БУУнун маалыматына караганда, бүгүнкү күндө 26 миллиондон ашуун адам кулчулукта жашайт. Айрым булактарга таянсак, жыл сайын адамдарды сатуудан болжол менен 15-20 миллиард доллар киреше түшөт.

Кыргызстанда адам сатуу же кулчулук боюнча быйыл жалпы 21 факты катталды. Арасында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар бар, бирок басымдуу бөлүгү далил жоктугуна байланыштуу токтотулган. Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынан билдиришкендей, кылмыш иштери жабырлануучулардын арыз жазбагандыгы ачык байкалууда. 

Айрыча сексуалдык кулчулукка кабылган кыз-келиндер коомчулуктун көз карашынан айбыгып, кордолгон фактыны жашырып коюуда. Бирок жаңы төрөлгөн балдарды сатуу боюнча өткөн жылы 8 факты аныкталып, азырынча мындай коомго терс көрүнүштөр боюнча маалыматтар түшө элек. Эксперттердин айтууларында, эмгек, же сексуалдык кулчулукка кабылгандардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Башкы себеби өз укугун билбегендик,- деп айтышат алар. 

Президент Авраам Линкольн: “Кулчулук үчүн талашып-тартышып жаткан кимдир-бирөөнү укканда, анын жеке өзүнө карата аракетин көргүм келет.”

Оскар Ариас Санчес: “Канчалык эркиндикке ээ болсок, ошончолук өзүбүздүн эле, башкалардын да алдында жоопкерчилигибиз чоң болот”.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь