Сириядан келгендер «Алтын балалык» борборуна жайгаштырылат

292

Сириядан келген балдар жана аялдар «Алтын балалык» борборуна жайгаштырыла турганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, бул убактылуу көрүнүш. Учурда «Алтын Балалык» реабилитациялык борбор катары ишин улантууда.

«Убактылуу бул имарат Сириядан келген биздин мекендештерге пайдаланууга берилет. Ушундай сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул бир-эки айга созулат», – деп билдирди.

Кийинчерээк аталган борбордун иштөө режими калыбына келтирилип, балдарды реабилитациялоого кабыл алуу улантылат, деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, аталган борбор Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата курорттук шаарында жайгашкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь