Баткенде каза болгон жоокердин сөйкө салып койгон кызы, анын инисине колукту болду

622

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта каза болгон жумгалдык жоокер Жеңишбек Иманбек уулунун сөйкө салып койгон баткендик кызы анын бир тууган инисине колукту болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кабарлады.

Маалыматка караганда, чек арачы Жеңишбек Иманбек уулу Баткен районунун Зардалы айылындагы Элиза аттуу кызды жактырып, 15-октябрга үйлөнүү тоюн белгилешкен. Тилекке каршы Жеңишбек 14-15-сентябрдагы тажик тараптын кол салуусунда каза болгон.

«Көк-Таш, Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барып, коогалаңдан кийинки үйлөрдүн курулуш иштерин көрүп келдим. Негизги маселе кечээги Көк-Таш айылындагы чек арада орун алган жаңжал болду. Жалпысынан алганда учурда чек арада абал тынч.

Иш сапарымда бир окуя эсиме келди. Бул боюнча өзүнчө кино тартса да, китеп жазса да болот. Алыстан келип, Баткен жергесинде баатырларча кызмат өтөгөн чек арачы Жеңишбек тууралуу айта кетейин.

Жеңишбек Иманбек уулу өзү Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылынан болот. Элде айтылгандай, «Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар» дегендей, бул нарындык эр-жигит дал ушул алыскы Зардалы жергесине келип, тоолуу, шарты катаал жерде кызмат өтөп баштайт. Кызмат учурунда Жеңишбек так ошол айылдан Элиза аттуу кыз менен таанышып калып, ата-энеси келип, кызга сөйкө салып, ушул жылдын 15-октябрына үйлөнүү тоюн белгилеп кетишкен. Бирок кызматтын зарылчылыгына байланыштуу Жеңишбекти Зардалыдан Ак-Сай жергесине жиберишет. Тилекке каршы 14-17-сентябрдагы чек ара коогалаңында Жеңишбек Мекенди коргоп жатып курман болгон. Сөөгү өзү туулуп-өскөн жерине жөнөтүлүп, жерге берилген.

Жеңишбектин болочоктогу жубайы боло турган Элиза, ата-энеси жана айылдагы аксакалдар менен Нарынга барып, дуба кылып кайталы деген учурда Элизаны Жеңишбектин бир тууган иниси жактырып калып, ата-энесине айтып, ошол эле жерден кудалашып, Элиза кызыбызды Миң-Куш жергесине калтырып кайтышат. Буйруса уулдуу болушса, атын Жеңишбек коюуну чечишиптир.

Жакында Миң-Куш жергесинен Жеңишбектин ата-энеси, жакын туугандары Баткенге келип, Жеңишбек кызмат өтөгөн Зардалы айылына жана Ак-Сайдагы курман болгон жерине келип, дуба кылып кетишти. Мен алардын келгенин угуп, кабыл алдым. Ата-энесине көңүл айтып, белегимди берип, эки жашка бакыт каалап узаттым.

Бүгүн бул окуяны заставанын жоокерлерине айтып берип жатып, маркум Иманбек уулу Жеңишбек чыныгы патриот болгонун, мекенди коргоодо жан берген баатыр катары ар дайым эсибизде калганын жеткирдим. Жеңишбек сыяктуу эл-жери үчүн кызмат өтөгөн көптөгөн жоокерлерибиз баатырларча курман болушту. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт», – деди облус башчысы.

Булак: Turmush

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь