Кыргызстандын президенти бүгүн 54 жашка толду.

Жапаров Садыр Нуркожоевич. 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.
Ата теги.
Нуркожо, Мусталый, Жапар, Көчкүн, Солтонкул, Алыбай, Бирназар, Алдаш, Белек, Жамангул, Алсейит, Мырзакулмырза, Орозбак, Сарбагыш, Тагай, Агуул, Долонбий.

1986- жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене-тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. «Советтик Армиянын отличниги» деген наам алган.


1989-жылдан 1991-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген.1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы. 1996-2001-жылдары “Гузель” ишканасынын генералдык директору, 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада генералдык директор кызматын аркалаган.

2005-жылы Түп шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2007-жылы үчүнчү чакырылыштын депутаттарын таркатып жибергендигине байланыштуу депутаттыктан кеткен. 2008-2010-жылдары Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген. 2010-жылы кайрадан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, 2013-жылга чейин иштеген. 2013-жылы саясий куугунтукка кабылып, депутаттык мандатынан ажыраган.

Ошондой эле 2017 жылы 25 март күнү Кордай чек арасынан Кыргызстанга кайтып келээри менен кармалган. 2 апрель күнү 1-СИЗОдо Садыр Жапаровдун моюну жана колунан венасы кесилген, медициналык жардам 5 сааттан кийин берилген.

Коомдук иштердеги ишмердүүлүгү: 2006-жылы мамлекетик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү. 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи, бир далай мамлекеттик сыйлыктардын ээси.
Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.

2021-жылдын 28-январынан тартып Кыргыз Республикасынын президенти кызматын аркалап жатат.
