Жапаров: “Көпчүлүк кыйноо фактылары ИИМдин убактылуу кармоочу жайында болот”

230

“Көпчүлүк кыйноо фактылары ИИМдин убактылуу кармоочу жайында болот”. Мындай пикирин, бүгүн 6-декабрда Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун көзөмөл жана координациялоо бөлүмүнүн эксперти Камалдин Жапаров Улуттук борбордун 10 жылдыгына арналган Эл аралык форумда “Элдик медиа” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында 10 жыл аралыгында кыйноо фактылары 1,8 %га кыскарган.

“Биздин талдоо боюнча (Кыйноолорду жана башка катаал мамилени алдын алуу боюнча Улуттук борбор) көпчүлүк кыйноо фактылары ИИМдин убактылуу кармоочу жайында болот. Эмне себептен ал жерде болот дегенде, ал жерден кылмыштын бетин ачыш керек. Улуттук борбор кылмыштын бетинин ачылышына каршы эмеспиз, кылмыш жасалдыбы 100 %га ачылыш керек. Бирок ошого карабастан ИИМдин кээ бир кызматкерлери кыйноого алышат, катаал мамиле жасайт. Кылмыштын бетин ачышы үчүн, ошондой эле башка ал жасабаган кылмышты моюнуна алдыртыш үчүн. Ошол үчүн азыр биз чоң жумушту ИИМдин кызматкерлеринин арасында жүргүзүп жатабыз. Айта турган болсок Жалал -Абад шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын жетекчиси кыйноо фактысы менен 3-4 жылдан бери соттошуп, азыр Жогорку сотто иши каралып жатат. 4 жылдап созулуп жатканы эле ал үчүн чоң нерсе. Ошол үчүн булар бир кылмышты ачам деген ойдо эле, башка кылмышты жасап коюп жатышат. Бирок 2012 – жылга салыштырмалуу ИИМдин кызматкерлери бүгүнкү күндө мурдагыдай кыйноого алган жок. 10 жыл аралыгында кыйноо фактылары 1, 8 %га кыскарды”, – деп билдирди Камалдин Жапаров.

Ошондой эле Камалдин Жапаров форумдун максатына токтолуп өттү.

“Бүгүнкү биздин иш-чаранын мазумууну Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун түзүлгөнүнө 10 жыл болду. Катышуучулар, Эл аралык уюмудардан, бейөкмөт уюмдардан жана мамлекеттик органдардан келишти. Алардын бардыгы биздин өнөктөшүбүз. 10 жылдын ичинде Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору 1000ден ашык арыз алынып, каралды. 7500 алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен 1000и ар тараптуу иштер боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Мыдан 10 жыл мурункуга салыштырганда кыйноо жана катаал мамиле бир топко азайды десек болот.

Тактап айтканда, биздин талдоо боюнча бир жарым эсе азайганы көрсөтүлүп жатат. Бул Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун гана иши деп айта албайбыз. Өнөктөштөрүбүз Эл аралык, бейөкмөт жана мамлекеттик органдар менен чогуу жасалган иш”, – деп кошумчалап өттү.

Жапаровдун айткан маалыматтарына таянсак Улуттук борбордун мыйзамы Орто Азия боюнча салыштырмалуу эң күчтүү мыйзамдардын катарына кирет. Мыйзамда милдеттер, укуктар көрсөтүлгөн, Тактап айтканда, Кыргызстан дүйнөдөгү 10 алдыңкы Кыйноолорду жана башка катаал мамилени алдын алуу борборунун катарын толуктаган.

Кыйноо жана катаал мамилеге кабылгандар төмөндөгү байланыш номери аркылуу Улуттук борбого кайрылса болот:

0550 999 222

Белгилей кетсек, бүгүнкү Эл аралык форумга келген музыкант Викрам Рузахунов коңшу мамлекеттеги январь окуясына байланыштуу Казакстандан компенсация төлөп берүүнү талап кылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь