Бүгүн,7- декабрь Эл аралык жарандык авиация күнү

1 406

Бүгүн, 7-декабрда, дүйнө жүзүндө жарандык авиациянын эл аралык күнү белгиленүүдө. 

Эл аралык жарандык авиация күнү жыл сайын 1994-жылы 7-декабрда Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) негизделген күндөн бери  белгиленип келет. Бул күндү белгилөө үчүн Эл аралык жарандык авиация жөнүндө Конвенциянын кабыл алынышынын 50 жылдыгы негиз болуп, анын негизинде ИКАО уюштурулуп, Чикагодо кол коюлган. Бул майрамдын максаты – жарандык авиациянын ийгилигине көңүл буруу болуп саналат.

Ал эми Кыргызстанда жарандык авиациянын тарыхы 1933-жылдан башталат. Ошол жылы Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин токтому кабыл алынып, автономдук республикада айыл чарба багытында колдонулган үч эле учагы болгон. Кийин Фрунзе — Рыбачье — Пржевальск жана Фрунзе — Ташкент — Алма-Ата аба каттамдары ачылып, убакыт өткөн сайын рейстер арбыган.

1960-жылдарда Кыргыз ССРинде Ил-18 менен Ан-24 учактары пайдаланылып, ар бир облуста бирден аэропорт ишке берилген. Дүйнөнүн булуң-бурчунан жаштар Фрунзе шаарындагы авиациялык окуу жайдан билим алууга келишчү.

Андан сырткары, жарандык авиациянын учактары айыл чарба, саламаттык сактоо тармактарында, өзгөчө кырдаалда да кеңири колдонулган.

Акыркы жылдары самолеттор паркы акырындык менен заманбап аба кемелери менен жаңыланууда. Жыл сайын аба каттамдарынын географиясы кеңейип, учурда республиканы алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен байланыштырып турган 35тен ашуун эл аралык багыт боюнча түз каттамдар аткарылууда. Ички аба каттамдарга да көңул бурулуп, 2016- жылы “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту сутка бою иштеп баштап, жайында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын жана ага келген конокторду кабыл алды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь