Индонезияда ойноштук кылгандар эми түрмөгө түшөт

230

Индонезиянын парламенти ойноштук кылгандарды түрмөгө камоо жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алды.

Кылмыш кодексиндеги жаңы толуктоолорго ылайык, президентти шылдыңдоого жана мамлекеттик идеологияга каршы акаарат сөз айтууга да тыюу салынды. Алар үч жылдан кийин гана күчүнө кирет.

Бул аптада жаңы мыйзамга нааразы болгондор Жакартада парламенттин имаратынын жанында каршылык акциясын өткөрүштү.

“Өкмөт адамдардын жарандык укуктарын ишке ашырууга, экономикага жана маданиятка көңүл буруп, ошого тийиштүү мыйзамдарды кабыл алышы керек,-деди каршы болгондордун бири. – Анын ордуна булар демократияга каршы келген мыйзам кабыл алышты, биздин жеке жашообузга кийлигишип, коомдук кызыкчылыктарды коргобой жатат. Биздин өлкө үчүн бул артка кетүү”.

Кодекске адеп-ахлак жөнүндө кирген жаңы толуктоолор боюнча, үйлөнбөгөн жуптарга бирге жашоого жана жыныстык мамиле күтүүгө болбойт. Бул тыюулар индонезиялыктарга гана эмес, бул жакта жүргөн чет өлкөлүктөргө да тийиштүү.

Укук коргоочу топтор жаңы мыйзамдык толуктоолор аялдардын, жыныстык жана этникалык азчылыктардын укуктарын басмырлайт деп кабатыр болушууда.

Никеси жок түгөйлөр эми жыныстык мамилеге барса, тогуз ай мөөнөткө түрмөгө түшөт. Эми ойноштук кылып жүргөндөрдүн күйөөсү же аялы полицияга даттанса, дароо чара көрүлөт. Никеге турбай бирге жашап жүргөндөр жөнүндө ата-энелер арыз жаза алат.

Укук коргоочулар жаңы кодекс саясий жана диний эркиндикти да жок кылат деп кооптонушууда.

Жаңы версиядагы алты мыйзам кабыл алынды, аларга ылайык динге акаарат келтирүү, динден чыгууга болбойт. Индонезия көз каранды эместикти кабыл алгандан кийин биринчи жолу динге ишенбөөнү мыйзамсыз деп таанууда.

Диффамация жөнүндө жаңы беренелер боюнча президентти же вице-президентти шылдыңдаган, улуттук идеологияга акаарат сөз айткан адамдар үч жылга чейин түрмөгө камалат.

Ошол эле убакта депутаттар кодекске сөз эркиндигин коргоо жана “коомдук кызыкчылыктагы” каршылык акциясы жөнүндө жоболор киргенин жүйө тартууда.

Протест в Джакарте
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,Кылмыш кодексиндеги жаңы толуктоолорго каршы болгондор дүйшөмбүдө парламенттин имаратына келишти

Human Rights Watch уюму жаңы кодекстин жоболорун адам укуктары жаатындагы кырсык деп атады.

HRW Азия боюнча директору Элейн Пирсон Би-Би-Сиге маегинде жаңы мыйзамдар заманбап мусулман демократиясын курууга умтулуп жаткан өлкөнүн аброюн аябай кетирет деп айтты.

Human Rights Watch Азия бөлүмүндөгү дагы бир өкүлү Фил Робертсон жаңы мыйзамдар өлкөнүн өзүнө жана аялдардын абалына катуу таасир берет деп билдирди: “Менин оюмча, бул Индонезиядагы туризмге чоң сокку урат. Мен Балиде конференцияда жүрөм, мен токтогон отелдеги адамдар абдан кооптонуп жатышат. Эл аралык бизнес коомчулугу дагы аябай тынчсызданып жаткан болушу керек. Никесиз секске кылмыш жоопкерчилиги кирсе, бул бүт өлкөдөгү аялдардын абалын оорлотот, никесиз кош бойлуу болуу кылмыш болуп саналып, полицияга жеткирилет”.

Протестующий у парламента Индонезии
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,Укук коргоочулар жаңы кодекс аялдардын жана азчылыктардын укуктарын басмырлап, жарандык жана саясий укуктарды чектейт деп жатышат.

Жакартада иштеген Андреас Харсанонун айтымында, Индонезияда миллиондогон түгөйлөрдүн нике күбөлүгү жок, айрыкча түпкүлүктүү элдердин, айыл жериндеги мусулмандардын арасында молдого нике кыйдырып алып жүргөндөр абдан көп.

“Теориядан алганда бул адамдар мыйзам бузган болуп саналат, анткени чогуу жашагандар алты айга чейин түрмөгө камалып жазаланат”, – деди ал Би-Би-Сиге.

Ал ошондой эле ушул сыяктуу моралдык катуу тыюу мыйзамдары бар Персия булуңундагы өлкөлөрдө жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, моралдык жактан бузулгандарга каршы мыйзам менен эркектерге караганда аялдар көп соттолорун айтууда.

line

Анализ

Джонатан Хэд, Түштү-Азия боюнча кабарчы

Индонезия светтик өлкө эмес. Атеизмге бул жакта жол жок – жарандар алты диндин бирөөн карманышы керек.

Бул көп конфессионалдуу мамлекет, анын “Панкасила” расмий идеологиясы боюнча бир дин экинчи динге үстөмдүк кылбайт. Бул идея пост-колониалдык лидер Сукарного таандык, ал ушундай жол менен архипелагдын мусулмандар азчылыкты түзгөн чоң бөлүктөрүнүн ажырап кетишинин алдын алган.

Сухартонун режими кулагандан кийин Ява аралындагы индонезиялыктар жарымынан көбүн түзгөн райондордо ислам наркынын айланасында элдин биригүүсү күчөп, исламга тышкы коркунуч бар деген кооптонуу өсүүдө.

Ошондуктан саясий партиялар буга реакция кылып, моралдык нормалардын сакталышына контролду күчөтүүнү талап кылышууда.

Өлкөнүн азыркы лидери Джоко Видодо – исламдын ийкемдүү формасындагы синкретикалык ява салтынын жолундагы адам, анын башкы милдеттери толеранттуулук же либералдык баалуулуктар эмес, – экономикалык өнүгүү. Ал динге акаарат сөз айткан Жакартанын мурдагы губернаторун түрмөгө камап, келишпес мусулмандар үчүн баарына даяр экенин көрсөттү.

line

Индонезиянын 267-миллион калкынын көпчүлүгү мусулмандар. Көп райондордо жергиликтүү мыйзамдар диний баалуулуктарга негизделген.

Наказание плетьми
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,Индонезиянын кээ бир райондорунда секс жана жыныстык мамилелер жөнүндө катаң диний мыйзамдар иштейт. Бул аял ойноштук кылганы үчүн айыпталууда.

Ачех провинциясында кумар ойногондорду, арак ичкендерди катуу жазалаган мыйзамдар бар.

Булак. ВВС

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь