Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков рулда отурган айдоочунун арак же кымыз ичкенин аныктоого мүмкүнчүлүк барбы деп ЖКККББ башчысына суроо салды.
“Мас абалында унаа айдагандарга эч кандай аёо болбошу керек. Ал туура. Бирок дагы кыргыздын жакшы көргөн ичимдиги — бул кымыз. Арак адамды өлтүрөт, кымыз ден соолукка аябай пайда. Сиздерде ошол экөөнү айырмалап бүтүм чыгарып бере тургандай техникалык мүмкүнчүлүктөр барбы? Текшергенде бул кымыз, тиги арак ичкен деп чыгара тургандай”, — деди депутат.
Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси депутаттын суроосуна жооп кылып, мындай мүмкүнчүлүк жок экенин айтты.