Ошто Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн кытай жарандары кармалды

177

Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жарандары Ош шаарында кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-декабрында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды кармоо боюнча биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Анын алкагында Ош шаарында Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүрүшкөн Кытай жарандары 1963-жылы туулган L.Y. жана 1967-жылы туулган SH. G. кармалышты деп айтылат маалыматта.

Кармалган чет өлкөлүк жарандар 2020-жылдан бери Шэньси провинциясынын укук коргоо органдары тарабынан Кытай Эл Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси (Калктан аманаттарды мыйзамсыз тартуу) боюнча экономикалык кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүрүшкөн.

Финансылык көз боёмочулук жолу менен алар 40 ашык жарандын 17,44 миллион юанын (болжол менен 2,5 миллион доллар) ыйгарып алышкан. Аталган чет өлкөлүк жарандарды камакка алууга облустук прокуратура уруксат берген.

Учурда кармалгандар Ош шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аларды экстрадициялоо маселеси менен компетенттүү органдар алектенүүдө. 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь